СИЛОС ДАЯРДОО БОЮНЧА ТАЖЫРЫЙБА АЛМАШУУ
Малдарды тоюттандыруу алардын ден-соолугуна, сүтүнүн азыктуулугуна жана сапатына таасир берүүчү маанилүү фактор болуп эсептелет, андыктан мал үчүн тоют даярдоо жана аларды тоюттандырууда өзгөчө көңүл буруу маанилүү.
Акыркы жылдары Чүй облусунун фермерлери силос даярдоого өзгөчө көңүл бурушууда.
Жумгал жана Тон райондорунан барган фермерлер тажырыйба алмашуу учурунда фермер Тилек жана Атайев Акайдын фермаларында болуп, жүгөрүнү чаап, силоско бастырууну практика жүзүндө көрүштү. Тилек менен Акайдын агайы “Асыл тукум мал чарбасы” Ассоциациясынын жетекчиси Джапаркулов Калмурат окуучуларынын ушул ийгиликтерге жетүүдө кандай жолду басып өткөнүн, кыйынчылыктарда өзүнүн кеп-кеңешин берип, колдоо көрсөтүп келгенин айтып берип, окуучуларынын ийгиликтери менен сыймыктанаарын белгиледи. Катышуучуларга кенештерин берип, суроолоруна жооп берди.
Бул иш-чара АВЕП коомдук фонду ишке ашырып жаткан эки долбоордун алкагында уштурулду: БУУдун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын жана Эл аралык үрөнчүлүк фондунун (SPI - Seed Programs International) каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жашылча өстүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.