«МЕДРЕСЕ ЖАШТАРЫНЫН САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ ШЫКТАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ» ДОЛБООРУ 2022-ЖЫЛЫ УЛАНТЫЛАТ
“АВЕП” коомдук фонду Америка Кошмо Штатынын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келген «Медресе жаштарынын санариптик технологияларды колдонуу шыктарын өркүндөтүү» долбоорун 2022-жылга карата улантуу максатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен бирдикте медреселерди тандоо боюнча жарыя берген. Натыйжада Ош облусунан Өзгөн районундагы Мырзааке айылында жайгашкан “Абдраим кары” медресеси, Баткен шаарындагы “Муаз Ибн Жабаль” медресеси жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Абдыжапар” ислам институту , Чүй облусунан Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан “Аль Фарух” медресеси, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынан “Равза” медресеси жана Талас шаарынан “Чет тилдер кыздар медресеси” компьютердик сабаттуулукту өркүндөтүү жана англис тилин өздөштүрүү боюнча долбоорго катышууга кызыгуусун билдиришип, мындан ары иштешүүгө тандалды. Эми бул медреселер долбоор алкагында өздөрүнүн окуучуларын акысыз компьютердик сабаттуулукту өркүндөтүү жана англис тилин өздөштүрүү боюнча курстардан өтө алышат.
«Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин коз карашына дал келбеши мүмкүн»
#АВЕПКоомдукфонду
#Медресежаштарынынсанариптехнологияларынколдонуубоюнчаквалификациясынжогорулатуудолбоору
#ПовышениеквалификациивобластицифровыхтехнологийдлямолодежимедресефинансируемогоПосольствомСШАвКыргызстане
#usembassybishkek
#AVEPpublicfund